Connect with us

Кыргыз-Орус билим берүү кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 768 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Орусиянын Агартуу министринин биринчи орун басары Д.Е. Глушко менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Орусиядан келген мугалимдердин санын көбөйтүү жана 2021-2022-окуу жылына Кыргызстандын түндүк аймактарына дагы 30 мугалимди жиберүү маселесин иштеп чыгууну макулдашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын мугалимдер үчүн Орусиянын билим берүү мекемелеринде табигый-так, физика-математикалык багыттар боюнча, орус тилин экинчи тил катары окутуу боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу маселесин карашты. Ошондой эле, Оруссиянын билим берүү платформаларын кыргыз тилине которуу жана Кыргызстандын мамлекеттик стандарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

“Жолугушууда айтылган кыргыз тараптын бардык кайрылуулары боюнча Орусия тарап колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экендигин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM