Connect with us

Дагы бир топ мамлекет башчылары Жапаровду президенттик кызматы менен куттуктады

Кыска кабар | 30 Янв 2021 | 651 | 0

Германия канцлери Ангела Меркель, Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга жана Татарстан президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары алдыдагы кызматташуулар тууралуу сөз кылып, Жапаровго мамлекетти башкарууда ийгилик каалап өткөн.

Буга чейин да бир топ президенттер Садыр Жапаровду кызматына расмий киришүүсү менен куттуктаган. Алардын катарында: Франция президенти Эммануэль Макрон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Орусия башчысы Владимир Путин, кошуна мамлекеттердин президенттери жана башкалар бар.

Быйыл 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган.

28-январда инаугурациясы өткөн Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий түрдө киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM