Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар жолугушуу алкагында, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу маселеси боюнча пикир алмашты.
Вице-премьер-министр Орусия тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.