Connect with us

Лимонду туура колдонуу боюнча кеңештер

Блог | 29 Янв 2021 | 4606 | 0

Лимон пайдалуу сапаттары жана табигый аскорбин кислотасын камтыган уникалдуу курамы менен бааланат. Организмдин иммундук тутумун активдештирип, аны чыңдайт. Лимондун дарылык касиети суук тийүүнү жана респиратордук инфекцияны дарылоого жардам берет. Ачык сары мөмө-жемиштер илгертен бери өзүнүн дарылык касиеттери менен элдин урмат-сыйына ээ болуп келген. Лимон кошулган чай денени жылытып, организмдин күч-кубатын арттырат, инфекцияларга туруштук берүүсүн камсыздайт. Бул цитрус ар кандай тамак-ашка, кондитердик азыктарга жана башкаларга эң популярдуу даамдуу кошулмалардын бири болуп эсептелет.

Лимондо канча витамин бар?

ЛИМОН — витаминдерге бай жемиш. Алардын арасында фолий, аскорбин кислоталары, пантотен кислотасы, Д витамини, токоферол, никотин кислотасы, тиамин, ретинол, пиридоксин, рибофлавин витаминдери бар. Бор, темир, жез, молибден, цинк, фтор жана марганец лимондун курамындагы эң баалуу микроэлементтер. Ошондой эле күкүрт, калий, хлор, натрий, магний, фосфор, кальций сыяктуу көптөгөн макроэлементтер да камтылган. Белоктор, углеводдор жана майлар оптималдуу түрдө топтолгон. Бир бөлүктүн калориялуулугу 100 граммына 28 бирдиктен ашпайт.

Лимондун пайдасы:

Эки аш кашык лимондун ширеси адамдын күнүмдүк аскорбин кислотасына болгон муктаждыгынын жарымын камтыйт. С витамини организмдин коргонуу жөндөмүн сактап калуу үчүн абдан зарыл экендигин бардыгы билишет;

Лимонду жумушуна байланыштуу тез-тез көчүп жүргөн же жашаган жерин өзгөрткөн адамдар (тагыраагы, климаттык шартка байланыштуу) жеши керек;

Лмондун өзү климатка ылайыкташууну, ал эми лимон жана бал кошулган чай мезгилдик алмашууларга туруштук берүүнү жеңилдетет;

Цитрус көбөйүү баскычында патогендик микрофлораны басат, ошондуктан организмде бактериялык колониялар өнүкпөйт;

Аны сасык тумоо жана эпидемияда ичүү керек. Лимон суук тийүүнүн алгачкы белгилеринен куткарып, ысытманы (температура) төмөндөтүп, тердөөнү күчөтөт;

Лимон ширеси какач менен күрөшүүгө жардам берет;

Чачты бекемдеп, суюлуп кетүүдөн сактайт;

Чачтын ашыкча майлуу болушунан сактайт;

Баш терисин жакшыртат;

Лимон ширеси кератиндин (чачтын курамындагы белоктун) терс зарядын жакшыртып, чачты жумшартат;

Кант диабетин жеңилдетүүгө жардам берет;

Кош бойлуу аялдардагы токсикозду басат;

Витаминдин жетишсиздигин толуктайт.

 Лимондун сиз билбеген касиеттери:

Жаңы ооруп же операция болгон адамдардын тамак-ашка болгон табитин ачууда жардам берет;

Ичеги-карындын жыйрылуусун калыпка салат, микрофлорасын жакшыртат;

Организмди токсиндерден тазалайт;

Тамак сиңирүүнү жакшыртат;

Уйкусуроону жана чарчоону кетирет;

Стресстин кесепеттери менен күрөшүүдө жардам берип, нерв системасын калыпка салат;

-Тырмактарды агартат, бекемдейт;

Кан айланууну жакшыртат.

Биз пайдалары жөнүндө сөз кылдык. Бирок зыян тараптарын да эске албай койбоңуз…

Лимондун данын алып салганыңыз жакшы, анткени курамында уулуу заттар бар;

Лимон кошулган чай же суу ичкенден кийин оозуңузду чайкаңыз, анткени кислота ашказандын былжыр челине жана тиштин эмалына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Лимон аллергендерге кирет. Ошондуктан, бул жемиштерди цитрус мөмөлөрүнө аллергиясы бар адамдарга, бөйрөк оорусу барларга, кош бойлууларга, бала эмизген энелерге, үч жашка чейинки балдарга бербей эле койгон туура;

Лимон ичегини жана ашказанды дүүлүктүргөнү үчүн, бул органдарда дарты бар адамдарга сунушталбайт;

Уйку безинин иштөөсүнүн бузулушуна, ашказандагы жана он эки эли ичегидеги жарага, энтерит, колит жана курч гастроэнтероколит ооруларынын козголушуна алып келет.

Лимонду кантип тандоо керек?

Лимонду соода түйүндөрүнүң текчелеринен көп кездештирүүгө болот, алардын бир канча түрү бар. Байкап көрсөңүз, бул жемиштер даамы боюнча бири-биринен айырмаланып турат. Айрымдары кичине, кабыгы жука, бирок эттүү, салмактуу келет. Айрымдары чоң болгону менен салмагы жеңил болот. Көбүнчө кабыгы жука лимондор эң жакшы, ширелүү, витаминдерге бай деп айтышат.

 Лимонду пайдалануунун чен-өлчөмү 

Лимондун көптөгөн пайдалуу касиеттерине карабастан, айрым учурларда андан баш тартуу керек. Эгерде организмиңизде С витамини жетиштүү болсо, анда лимонду көп пайдаланбаңыз. Бирок сизде бардыгы жакшы болсо да, күнүнө үч тилимден чайга кошуп ичкен жакшыраак, бул гипервитаминоздун алдын алат. Албетте ар бир адамдын организми ар кандай болгондуктан, так өлчөмүн айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул жерде өзүңүздү көзөмөлдөп турушуңуз керек.  Көпчүлүк жемиштердин организмге каршы көрсөтмөлөрү да болорун унутпоо керек.

Дагы бир жагдай, эртең менен ачкарын лимондуу суу ичсеңиз, организмдин ойгонуусуна жардам берет. Күнү бою сергек жүрөсүз. Мындан тышкары диета кармагандар үчүн да ыңгайлуу, себеби эртең менен бир стакан лимон кошулган жылуу суу ичсеңиз, ашказанды ток кармайт. Түнкүсүн организмдеги ашыкча сууну кетирүү үчүн жатарда лимондуу суу ичкен жакшыраак.

Кыскартып айтканда, лимонду этияттап, өлчөмү менен колдонгон туура болот. Ошондо гана организм бул жемиштин пайдасын жана дарылык касиетин толук сезе алат. Ошол эле учурда лимонду пайдалануудан мурун тышын жакшылап жууп алыңыз, себеп дегенде ар кандай микробдор болуп калышы мүмкүн.

Даярдаган: Жазгүл Садырова

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM