23-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашкандай, «Салам-Алик» командасы мелдештин чемпиону аталды.
Күмүш медалды «Улар» командасы тагынды. Чемпионаттын коло байгесин «Дордой» командасы жеңип алды.
Байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.
Быйылкы өлкө чемпионатында жалпы 6 команда беттешти.