Connect with us

Китепканачылардын түйшүгү жеңилдейт

Билим-маданият , Коом | 18 Дек 2020 | 1193 | 0

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде (мурдагы №5 Улуттук компьютердик гимназия) мектеп китепканаларындагы китептерди каттоого алуунун автоматташтырылган жаңы системасынын бет ачары өттү. Аталган система Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө» пилоттук долбоорунун негизинде каржыланып, «Жаңы китеп» мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Мындан ары системага кирген мектеп китепканаларынын фондундагы китептерди тизмектөө, окурмандын тапшырык берүүсү, китепканачынын отчету сыяктуу бардык иш тартиби толугу менен автоматташтырылат.

Бет ачар өткөн мектеп-лицейдин китепкана башчысы Жийде Жапарова бул мекемеде 16 жылдан бери эмгектенет. Буга чейин ал көптөгөн убактысын иш кагаздарын толтуруу, китептердин эсебин колго санап чыгаруу менен өткөзүп келген болсо, ушул жылдын сентябрь айынан тарта иши бир кыйла жеңилдеген.

«Долбоордун мага жаккан жагы бардык маалымат компьютерге киргизилет экен. Бул ишибизди жеңилдетүүгө кыйла жардам берет. Компьютерден маалымат алып эле, окуучуларга кайсы китеп керек болсо, таратып бере беребиз. Анткени сайтта бардык китептин маалыматы, саны, буга чейинки китепти алган окуучулардын тизмеси камтылат. Бизге аябагандай жеңилдик болду. Баягыдай кечке отуруп кагаз жазмай иштери кыскарды», — дейт китепканачы.

Жогоруда учкай кеп козгоп өткөн «Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө» пилоттук долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабында өлкө боюнча 30 мектеп китепканасынын, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жана өлкө аймагындагы 10 «келечек мектебинин» окуу фондун автоматтык каттоого алуу үчүн компьютердик жабдуулар жеткирилген.

Долбоорду иштеп чыккандардын бири, «Жаңы китеп» мекемесинин жетекчиси Төлөгөн Аматов буга чейин пилоттук долбоорго киргизилген мектептердин китепканачыларын окутуу иштери жүргөнүн маалымдап, аталган программа китепканачылардын түйшүгүн жеңилдетип, бир айда кыла турган ишти бир канча убакытта бүтүрүүсүнө шарт түзөрүн белгилейт. Анын айтымында, ар бир китепке атайын QR-код басылып, ал QR-кодду окуган сканердин жардамы аркылуу китептин маалыматы компьютерде көрсөтүлөт.

«Долбоордун негизги максаты кагаз түрүндөгү отчетторду автоматташтыруу болуп саналат. Ага катар эле, системанын жардамы аркылуу «Кайсыл мектепте канча китеп бар, канча китеп жетишет, канча китеп жетишпейт?» — деген сыяктуу маалыматтарды биз түз ала алабыз. Китепканачылардын убактысы да үнөмдөлөт». 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пилоттук долбоорго кирген билим берүү мекемелеринин китепканасына бирден компьютер, МФО (көп функциялуу жабдуу: принтер, ксерокс) жана QR-кодду окуй алган сканер берилгенин, кийинки жылдын башында дагы 2 196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларына жогоруда айтылган жабдууларды жеткирүү мерчемделип жатканын билдирди.

«Жогоруда айтылган 30 пилоттук мектеп, 10 «келечек мектеби» тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Эми китепканачылар кагаз толтуруудан үнөмдөлгөн убактысын окуучулар менен, кесиптештери менен кызматташууга, ар кандай сынактарды, викториналарды уюштурууга жумшай алат».

Белгилей кетсек, аталган долбоордун колдоосу менен буга чейин айрым жогорку жана атайын орто окуу жайларынын китепканалары автоматтык системага өткөрүлгөн.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM