Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда кыргызстандык балбан Исламбек Орозбеков коло медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк Күрөш Уюмунун сайтына жарыяланды.
70 кг салмакта күрөшкөн Орозбеков 1/8 финалда албаниялык балбанды, чейрек финалда индиялык балбанды жеңип, жарым финалда түркиялык балбанга утулуп калды. Үчүнчү орун — коло медаль үчүн күрөштө Орозбеков азербайжандык Гитиномагомед Гаджиев менен бет келип, аны 6:5 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Кыргызстандын байге куржунуна 3 алтын, 4 коло — 7 медаль түшүп, Дүйнө Кубогуна катышып жаткан өлкөлөр арасында экинчи орунду ээледи.
- Грек-рим күрөшү боюнча Жоломан Шаршенбеков — алтын медаль;
- Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова — алтын медаль;
- Грек-рим күрөшү боюнча Калы Сулайманов, Руслан Царев — коло медаль;
- Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы — коло медаль;
- Эркектер арасында эркин күрөш боюнча Айаал Лазарев коло медаль алды.