Connect with us

Чет элдиктердин учак менен келүүсүнө уруксат берилди

Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 510 | 0

Өкмөт чет элдик жарандардын Кыргызстандын аймагына аба каттамдар аркылуу келүүсүнө болгон чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, мындан ары чет элдик меймандар атайын иштелип чыккан алгоритмдерди сактап, «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» аэропорттору аркылуу өлкөгө кире алышат. Болгону аларда акыркы 72 саатта алынган ПЦР-тесттин анализи болуусу керек. Эгер кандайдыр бир себептер менен алынган анализдин мөөнөтү өтүп кеткен учурда аэропорттун өзүнөн эле тест тапшырууга болот.

Мындан тышкары 2021-жылы боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолорго чет өлкөдөн байкоочулардын келишине уруксат берилди.

Белгилей кетсек, жаз айында башталган COVID-19 пандемиясынын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Кийинчерээк, коронавирус аз катталган өлкөлөрдөн чектелүү сандагы адамдар гана тыкыр текшерүүлөрдөн кийин киргизилип турган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM