Connect with us

Мамытов Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 23 Ноя 2020 | 502 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн турнирдеги жеңиши менен куттуктады.

«Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талыкпас эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот», — деп айтылат Мамытовдун куттуктоосунда.

22-ноябрда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча Женнифер Майя менен күч сынашты. Беттеш беш бөлүккө созулуп, калыстардын бирдей чечими менен Шевченко жеңүүчү деп табылды.

Шевченко жеңишинен кийин бардык эле күйөрмандары күткөн «лезгинка» бийин бийлеп берди.

Валентина Шевченко 2018-жылы жеңип алган чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу деңгээлде коргоду.

Ошол эле күнү UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентинаны эжеси Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липски менен беттешти.

Ал бразилиялык мушкерден бир топ күчтүү болуп, экинчи бөлүктө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Антонина Шевченко буга чейин UFC уюмунун алкагында 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңип, 2 жолу утулду. Ал акыркы беттеште америкалык Кэтлин Чукагяндан жеңилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM