Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полиция жана армия мобилизацияланды. Бүгүн, 30-октябрда Франциянын Коргоо боюнча кеңешинин жыйыны өтөт.
Кастекс акыркы окуяларды «Франция коркок, варвардык кол салуу менен бетме-бет келди» деп сыпаттады.
29-октябрда Ниццада бычак менен куралданган адам чиркөөдөгү адамдарга кол салып, үч адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган.
Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.
Кандуу окуядан соң өлкө президенти Эммануэл Макрон Ниццага келди. Ал жети миңге жакын аскер коопсуздукту сактоого тартылганын кабарлады.