Биз менен байланышыңыз

Эмил Жамгырчиев Финансы полициясынын төрага орун басарлыгынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 611 | 0

Эмил Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Эмил Жамгырчиев 2018-жылдын апрель айында мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен аталган мекеменин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Бошогон кызмат орунга Жоомартбек Султанов дайындалды.

Маалыматтарга караганда, Султанов буга чейин Финансы полициясынын Токтогул райондук жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жакында эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагалыгына Сыймык Жапыкеев дайындалган. Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Финансы полициясын буга чейин Бакир Таиров башкарган. Андан кийин Финполду Сагынбек Абдылдаев убактылуу жетектеп турганы кабарланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM