Биз менен байланышыңыз

Вьетнамда суу ташкынынан 36 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 379 | 0

Вьетнамда кара нөшөрдөн суу ташып, анын кесепетинен 36 адам каза тапты.

Өлкөнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Куанг Нам, Тхуа Тхен Хуэ, Куанг Нгай жана Куанг Три провинцияларындагы дарыялар бир канча күн тынбай жааган кара нөшөрдөн улам ташкындап, кырсыктан 36 адам каза таап, 12 адам дайынсыз жоголгон. Суу ташкын 135 миң 700 үйдү каптап, анын 600гө жакыны кыйрап, 6 миң гектарга жакын айдоо аянтын сел жууп кеткен.

Вьетнам Коргоо министрлиги суу ташкынынан жабыркаган аймактарга 9600 аскер жана коопсуздук күчтөрү жөнөтүлгөнүн, 6 шаардын 50 миңге жакын тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM