Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.
Өкмөт башчы адистердин божомолуна таянып, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн экенин айтты.
«Эл ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында массалык түрдө ооруп калышы ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарга элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», — деди Кубатбек Боронов.
Ал тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды. Аймактардагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча штабдын жыйынында күнүгө маалымат берип туруу зарылдыгын белгиледи.