Парламенттик шайлоо жакындады дегиче кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жүрө баштады. Бул шайлоого шоопур атыгып жүргөндөрдөн баштап, ырчы-чоорчу, маданиятчылар дагы аттанды. Буга коомдун кайсы бир катмары макул болуп, аларды колдосо, кээ бири буга таптакыр каршы экенин билдиришет.
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу үчүн 44 партия Боршайкомго арыз берген эле. Бирок, айрым партиялар бир альянска биригип, шайлоого чогуу аттанып жатышат. Кээ бир партиялардын басымдуу бөлүгүн мурунку саясатчылар түзсө, кээ бирлеринин курамы жалаң жаш талапкерлерден турат. Коомдо талкуу болгон маселелердин бири — бул шоу-бизнес өкүлдөрү шайлоого баратканы. Алардын мындай чечимдери социалдык тармактарда талаш-тартышты жаратты. Бул пикирлерден соң “депутат кандай болушу керек?” деген суроо жаралат.
Саясий партиялардын съезддеринде белгилүү болгондой, айрым тажрыйбалуу саясатчылар артка чегинип жатышат. Алар жаңы, саясий жактан эркин ой жүгүртүп, оюн ачык айта алган жаш талапкерлер депутаттыкка татыктуу деп эсептешет.
Мындай саясатчылардын бири — Өмүрбек Текебаев. Ал өз билдирүүсүн “Ата Мекен” саясий партиясынын өткөн съездинде билдирди.
—“Ата Мекен” партиясы бул ирет парламентке жаштарды жөнөтөлү деп чечтик. Ал жаңы жүздөрдү Жанар Акаев баштап барат, — дейт Өмүрбек Текебаев.
Ушундай эле жол менен “Бир Бол” партиясы да шайлоого аттанды. Партиянын өткөн съездинде талапкерлердин тизмеси белгилүү болуп, алдыңкы катарда жаштар барат. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев бул жолку шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал съезддеги сөзүндө, ордун жалындуу жаштарга бошотуп берип жатканын айтат.
-Абдан көп кеңешип, ушундай жыйынтыкка келдик эле. Мен азырынча саясатты токтотуп турайын. Ал эми Алтынбек Турдубаевичке ийгилик тилеп, каалоомду айткам. Ал жаш, — дейт депутат.
Кыргыз парламентине депутат болом деген инсан сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болуп, ойду так жана ачык жеткирүү жагы мыкты болушу керек. Бул пикирди саясат талдоочу, эксперт Марс Сариев “Марал” радиосуна билдирди. Эксперттин айтымында, депутат саясатты эркин талдап, ар бир мыйзамды түшүнүшү керек.
-Бүгүнкү күнү парламентке аттанып аткандардын көбү алдына элге таанымал, популярдуу адамдарды коюп алышты. Элди мал катары ойлоп, атактуу бирөөнү алып чыксак эле колдоп берет деген ой менен аттанып атышат. Антип ойлобош керек, эл деген баарын түшүнүп турат. Азыр Белорустагы акциялар токтобой, бийликти чаап түшсө, бул биздин элге да таасирин тийгизип, дем берет. Эртең эл колдогон, эл шайлаган партиялар өтпөй кала турган болсо, бизде да төңкөрүш болуп кетүүсү мүмкүн. А эгер аларда токтосо, бизде да болбойт. Бирок, бийликтин катачылыктары, адилетсиздигинен эл бук болуп, бир күнү катуу жарылышы ыктымал. Ошондуктан абайлап, стабилдүүлүктү кармашыбыз керек, муну эл да талап кылып турат, — дейт Марс Сариев.
Саясий эксперт бул багытта азыркы депутаттардан Жанар Акаев үлгү боло аларын айтты.
Сариев “элге көрүнүктүү” деп атап өткөндөрдүн катарына ырчы Самара Каримова кирет. Ал бийликчил аталган “Биримдик” партиясынан талапкер. Анын шайлоого катышуу чечими буга чейин коомчулукта бир топ талкууга алынып, социалдык тармактын колдонуучуларынын арасынан айрымдары колдосо, кээ бирлери аны депутаттыкка татыксыз деп сындаган. Фейсбуктагы сын пикирилердин арасында “парламент — бул сахна эмес, ал жерде мыйзам иштелип чыгат” деген комментарийлер басымдуулук кылат. https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2698893083730560&id=100008296835462 Талапкер Каримовага “Депутат кандай болушу керек?” деген суроо менен кайрылганыбызда, ал жооп берүүдөн баш тартты. Депутаттыкка аттануу дымагы шоу-бизнес өкүлдөрүнөн бир гана Самара Каримовада эмес, ырчы Анжелика Кайратовада да бар. Ал өткөн аптада 5 партиядан чакыруу түшкөнүн айтып, элден сунуш-пикир сурап, Инстаграмдагы катталуучуларына кайрылган.
Бирок ырчы айымдын Инстаграмдагы катталуучуларынын көпчүлүгү, депутат болуп атын булгап албоону сунуш кылышкан. Ырчынын Инстаграмдагы катталуучулары “чымчык сойсо да касапчы сойсун”, “эч кандай партияга барбай деле эл кызматында жүрсө болот. Ал жакка барсаңыз башка депутаттардай эле элди унутасыз”, “башында эле ыктыярчылар [пандемияда элге жардам берген] бийликти жана депутаттарды сындап жаттыңар эле. Эми ошолор сунуш берсе кошула бересиңерби? […]” деген комментарийлерди калтырган. Бул сыяктуу сын-пикирлерден соң ырчы Анжеликанын кандай чечимге келгенин так билүү үчүн өзүнө байланышууга аракет кылып, майнап чыкпады.
Андан башка элге көрүнүктүү жаштардан алып баруучу, кино жаатында актерлук чеберчилигин көрсөтүп келаткан Эркин Нурбаев. Ал жаңы куралган “Реформа” партиясы менен шайлоого катышары белгилүү болду. Нурбаев буга чейин Бишкектеги “Reакция” аталышындагы акыркы митингдерде активдүү катышып, модераторлук кылган.
Талапкер билдиргендей, бүгүнкү күнү парламентке ким татыктуу экенин айтууга кеч болуп калды. Анткени бардык партиялар тизмесин берип жатышат.
-«Депутат кандай болушу керек?» деген эң жөнөкөй суроо, ошол эле учурда бул жөнөкөй нерсени ишке ашыра албай жатабыз. Депутат деген — элдин уулу, эл шайлаган өкүл. Аны ошол элдин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алуусу үчүн шайлап, ишеним артышат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү андай эмес, — дейт Эркин Нурбаев.
Саясат талдоочу, эксперт Ишенбай Кадырбеков бул шайлоодо жаңы жүз, эл тааныйт деп колдой берүү туура эмес деп эсептейт. Ал мындай оюн «Маралга» берген маегинде билдирди.
-Биз бир нерсени түшүнсөк. Жогорку Кеңеш — эң татаал орган. Ал жерге каалаган киши бара албайт, иштейм деген кишиге аябай оор. Парламентке тажрыйбасы бар, мыйзамды түшүнгөн, билген адам барышы керек. Анткени ар түрдүү, ар тараптуу мыйзамдар иштелип чыгат, ошолорду талдап, түшүнө алгандар барса, керектүү мыйзамдар чыгат. Аны аткара турган күчтүү өкмөт куралат. Антпесе, аларды оң-солго буруп кетүү оңой болот дагы, “добуш бер” деген мыйзамына добуш берип олтура берет. Ошондуктан жаңы жүз деп көчөдө жүргөн адамды деле шайлап албашыбыз керек, бизге иш билги, мыйзамдан, кайсыл орган кандай кызмат аткарарынан кабардар болгон атуулдар керек, — дейт Кадырбеков.
Жогорку Кеңешке Кыргызстандын 21 жаштан жогорку жарандары шайланып барууга укуктуу. Алар улутуна, жынысына, расасына, динине жана социалдык абалына карабай мамлекеттик бийликке бара алышат.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирген эле, бирок алардын айрымдары биригип, чогуу аттанса, айрымдары катышпай турганын билдирди. Партиялар съезддерин 20-августка чейин өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин жарыялашы керек. Талапкердин тизмесин бекиткен партиялар Боршайкомго ар бир талапкердин документ, кагаздарын тапшырып, аны БШК 4-сентябрга чейин текшерип чыгат. 4-сентябрдан 3-октябрга чейин үгүттөө иштери жүрөт.
1 пикир