Connect with us

Европа биримдиги кыргызстандыктарга көңүл айтып, колдоону улантарын билдирди

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 357 | 0

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү Улуттук аза күтүү күнүнө карата коронавирустан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Европа Биримдиги Кыргызстанды жана анын элин ар дайым колдоп келет. Азыркы татаал мезгилде да биз өлкөгө жардам берүүнү уланта беребиз», -деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 1347 бейтап коронавирустан каза тапты. Вирус жуктургандардын саны 34 миңден ашты. Бүгүн, 30-июлда коронавирус илдетинин курмандыктарына аза күтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM