Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 398 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ош шаарында бир, Чүй облусунда 10, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 6, Ысык-Көл облусунда бир, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер айыкты.  Мындан сырткары, үй карантининен 68 медициналык кызматкер сакайды. COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпысынан 2711 учур катталды, алардын 1595и  айыкты.

Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 34 миң 512ге жетти. Илдеттен 23 миң 343 жаран айыгып, 1347 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM