Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы: Отурумдарды онлайн өткөрүү чечими кабыл алына элек

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 441 | 0

Кой-Таш окуялары боюнча сот отурумдарына жактоочулар толук келбегендиктен отурум жылдырылып жатат. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлагандай, кийинки отурумга тараптар, жактоочулар толук келгенден кийин процессти онлайн өткөрүү сунушталат. Азырынча мындай чечим кабыл алына элек.

Айрым маалымат каражаттары Кой-Таш окуялары боюнча сот отурумдары эми онлайн форматта өтөрүн айыпталуучулардын жактоочуларына таянып жазышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча 27-июлга белгиленген отурум кайрадан жылдырылган. Буга жактоочулардын ооруп калгандыгы себеп болгон. Эми кийинки сот отуруму 29-июлда өтөт.

Бул соттук отурумга Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM