Биз менен байланышыңыз

Боронов: Ош облусунда вирустун жаңы катталган учурлары азайып баратат

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 561 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Бороновдун айтымында, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгууда. Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография жабдуусун орнотуу аракети көрүлүп жатат, азыркы учурда мындай жабдуулар Бишкек менен Ош шаарында гана бар.

Өкмөт башчы күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшү тууралуу айтып жатып, Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын пайдубалы түптөлө баштаганын билдирди. Ал Ош облусунда коронавирус инфекциясын жаңы жуктуруп алгандардын жана күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратканы байкалганын белгиледи.

Президент илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо, кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча терең талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө өз маалында кенемте төлөөнү, эл аралык гуманитардык жардамдарды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүүнү, маалыматтарды санарип форматка өткөрүүнүн, аймактарды зарыл дары-дармектер, медициналык каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

«Аймактардагы дарыканаларды медикаменттер менен камсыздап, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) базасында алардын зарыл корун түзүү керек.  Өкмөт бул багытта тийиштүү иштерди жүргүзүшү зарыл», — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM