Connect with us

ӨКМ: «Семетей» обсервациясында 517 бош орун бар

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 500 | 0

«Манас» эл аралык аэрпортунун аймагындагы «Семетей» госпиталында 517 орундук бош. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

27-июлга карата «Семетей» обсервациясында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук болсо, анын 109унда бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош. 

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен 21 миң 205 жаран айыгып, 1301 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM