Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги айрым үйлөрдө ысык суу берүү токтотулат

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 496 | 0

«Батыш-1» жылуулук магистралында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги айрым үйлөргө ысык суу берүү токтотулат. «Бишкек жылуулук тармактары» ААКынын маалыматы боюнча, 27-31-июль күндөрү ысык суу жок болот.

Ысык-суу өчүрүлө турчу даректер:

— Шабдан Баатыр проспектиси — 97, 99;
— Чүй проспектиси — 26, 52, 105, 107, 111, 113, 115, 115а, 117, 119, 121, 123, 123/5, 125;
— Герцен көчөсү — 95а;
— Сүйүнбаев көчөсү — 18, 80;
— Гоголь көчөсү — 109, 111, 113;
— № 100, 178, 124 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
— №8 поликлиника жана Свердлов райондук администрациясынын имараты.

Ысык суунун өчүрүлүшү боюнча керектөөчүлөр төмөнкү телефондордун негизинде кайрыла алышат: 36-57-19 (Борбордук райондун нөөмөтчү инженери) жана 61-11-69 (Керектөөчүлөрдү колдоо борбору).

Ысык суу оңдоо иштерине жана 2020-2021-жылдагы жылуулук мезгилине көрүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM