Биз менен байланышыңыз

Эл аралык валюта фондунун каражаты (I транш) каяка жумшалган?

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 411 | 0

Эл аралык валюта фондунун каражаты (I транш) каяка жумшалган? Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул маалымат жыйынында сырттан келген каражат тууралуу маалымат берди.

2020-жылдын апрель-май айларында Эл аралык валюта фондунун каражатынын эсебинен (I транш) 9 765,8 млн сом суммада республикалык бюджеттин төмөнкү чыгашалары жүргүзүлгөн:

— эмгек акы (анын ичинде дарыгерлердин, мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин) — 4 115,5 млн сом,

— социалдык муктаждыкка төгүмдөр — 498,5 млн сом,

— Социалдык фондго трансферттер — 2 131,3 млн сом,

— Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер — 1 310 млн сом,

— теңөөчү трансферттер — 160,8 млн сом (ЖӨБ органдарынын эмгек акысы),

— калкты социалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жардам боюнча жөлөк пул — 1 102,9 млн сом,

— медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алууга — 106,3 млн сом,

— стратегиялык запастар (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дан сатып алууга) — 240,1 млн сом,

— оор турмуштук кырдаалга кабылган калкка, социалдык турак-жай салууга каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга — 19,4 млн сом.

Эл аралык валюта фондунун 121,1 млн доллар өлчөмүндөгү 2-траншы — экономиканы колдоо боюнча документтер даярдалууда.

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга насыяны кандай шартта берди?

“Тез насыя берүү механизми (RCF)” – 10 жылга 80,6 млн доллар, анын ичинде 5,5 жыл – жеңилдетилген убакыт ичинде 0%;

“Тез реакция кылуу инструменти (RFI)” – 5 жылга, анын ичинде 3 жыл – жеңилдетилген убакыт, 1,07%.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM