Биз менен байланышыңыз

Түштүк аймактарындагы ооруканаларга 2 млн сомго дары жеткирилди

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 731 | 1

#Барбыз долбоору, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду Capstroy KG курулуш компаниясы менен биргеликте Кыргызстандын бир катар аймактарындагы ооруканаларына зарыл болгон медициналык каражаттар, дары-дармектерди, жеке коргоочу каражаттарды жеткирип беришти.

Бул жардамдын жалпы суммасы 2 миллион сомду түздү. “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбековдун “Маралга” билдиргенине караганда, каржыны курулуш компаниясы бөлүп, Фонддун аймактарындагы ыктыярчыларынын жардамы менен Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына жардам жеткирилди.

2 млн сомго 1500 даана азитромицин дарысы, 2000 даана цефапим, 400 даана клексан, жеке коргонуу каражаттары, медициналык кол каптар, пульсоксиметрлер жана шприцтер алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Аноним

    24.07.2020 11:21

    Нарын шаарына дагы жардам кылып коюшса жакшы болмок.дары дармек жетишсиз. Дайыма эле түштүк жак жардам алып келет. Башка областтар унутулуп калгандай. Катуу тийсе кечирип коюңуздар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM