22-июлга карата коронавирустан 44 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын ичинде, Бишкек шаарында — 16, Ош шаарында — 3, Чүй облусу – 7, Ош облусу – 3, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 7, Баткен облусунда 1 бейтап кайтыш болду.
Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1123кө жетти.
Өлкөдө вирус жуктургандар (пневмонияны эске алганда) 29 миң 359га жетти. Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 15 миң 851ди түздү.