Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Көп өлкөлөрдө пневмония коронавирус инфекциясы катары катталбайт

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 419 | 0

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониянын статистикалары бириктирилген. Бул оорунун чыныгы масштабын аныктоого, ага каршы күрөштүн туура багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмониянын көрсөткүчтөрү коронавирустун статистикаларына киргизилбейт.

Кыргызстанда пневмония менен коронавирус инфекциясынын көрсөткүчтөрү бириктирилгенден кийин өлүмдүн саны жогору көрүнүп жатканына карабай, эки статистиканы бир канча себептер менен бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул оорунун чыныгы масштабын көрүүгө, эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы абалына анализ кылууга мүмкүндүк берет. Эпидемияга каршы күрөштүн багытын иштеп чыгууга, муктаждыктардын туура багытын аныктоого жардам берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги пневмониянын көрсөткүчтөрүн март айынан бери каттап келе жатат. Буга байланыштуу статистикалар жогорулашы мүмкүн. Биздин жашообуз эпидемияга чейин жана андан кийин болуп экиге бөлүндү. Ошондуктан, бардык санитардык талаптарды толук аткарууга чакырам, -деди Исмаилова.

Буга байланыштуу оорулардын көрсөткүчү жогорулашы мүмкүн экенин өкмөт билдирет. Исмаилова жарандарды бардык санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоого, дарыгер менен кеңешилбеген дары-дармектерди колдонуудан оолак болууга чакырат.

Коронавирус менен пневмониянын статистикаларын бириктирүү маселеси бир топ эксперттер менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери менен талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM