Биз менен байланышыңыз

Нарын: Коронавирустан каза тапкандардын көпчүлүгү дарыгерге кеч кайрылгандар болууда

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 603 | 0

Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Облуста күндөн-күнгө пневмония менен ооруган бейтаптардын саны көбөйүүдө. 17-июлга карата облус боюнча жалпы 1032 адамда коронавирус илдети жана пневмония аныкталган. Анын ичинен COVID-19 илдети — 654 учур, ал эми пневмония — 377 учур.

Ошол эле учурда коронавирустан 516, пневмониядан 62 бейтап айыкты. Учурда ооруканаларда COVID-19дан 29 бейтап, ал эми пневмониядан 285 адам дарыланууда. Азыркы күнгө чейин коронавирус илдетинен облус боюнча 19 адам каза болду. Акыркы үч күндүн ичинде пневмониядан 6 адам кайтыш болду.

Эмилбек Алымкуловдун айтуусунда, каза болгон учурлардын көпчүлүгү үйдө өз алдынча дарыланып, дарыгерге кеч кайрылгандар арасында катталууда.

«Учурда пневмония менен ооруп жаткан 22 адамдын абалы өтө оор, 92си оор жана 171нин абалы орто деп бааланууда. Ал эми коронавирус жуккан 8 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Ошондой эле 21и оор, орто абалда 3 жана жеңил түрү менен 87 жаран ооруп жатат. 90 адам үй шартында дарыланууда, 503 адам үй изоляциясында», — деди Алымкулов.

Нарын облусунда 3 облустук пост иштеп жатат. Посттон өтүп жатканда жарандардан ПЧР-анализдин жыйынтыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Болгону ар бир жарандын дене табы текшерилет. Ал эми жайлоолорго барууга тыюу салынган эмес.

Жергиликтүү бийлик жарандарга шаарда коомдук жайларга көп барбастан, мүмкүнчүлүк болсо жайлоого барып эс алууларын сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM