Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги түнкү стационарлар 600 кишини кабыл алды (даректери)

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 538 | 0

Бишкек шаарындагы эки түнкү стационар 608 жаранга медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 246 жаран инфузия терапиясынан өтүштү, 348и медициналык кеңеш алды жана 7 адам ооруканага жаткырылды.

Каза болгондор катталган жок. Бирок эртең менен стационарга келе жаткан жолдо эки жаран илдеттен каза болуп калды.

“Стационарлар кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер менен камсыз болгон. Алсак, түнкү стационарларда 51 кычкылтек концентратору иштөөдө жана 5 дарыкана медициналык жардам көрсөтүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Эки түнкү стационар кечки саат 20:00дөн таңкы саат 08:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерлерде дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылардан турган топ жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө.

Бишкек шаарындагы түнкү стационарлар төмөнкү базаларда жайгашкан:

Биринчи май районунда:

— «Консул» ресторанында – 100 керебет-орун (Фрунзе көчөсү, 477)

Октябрь районунда:

— Спорткомплексте (БСК) — 120 керебет-орун (7-кичирайон, 12/1).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM