Тажикстандык жоокер Отабек Ибрагимов аскер кызматын өтөөдөн качуу үчүн 17 даана таш жутуп алган. Бул тууралуу «Ахбор» жаңылыктар сайты аскер сотуна таянып кабарлады.
Отабек Ибрагимовдун аскер кызматына 2019-жылы ноябрда Турсунзаде чакырылгандыгы кабарланууда. Бирок, аскер кызматынын шартына туруштук бере албаган жана андан арылууну көздөгөн жигит 1,5 айдан кийин 7 ташты жутуп алган.
Андан кийин ал Тажикстандын Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жаткырылган. Дарылоо учурунда жоокер дагы 10 ташты жутуп алган.
Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 376-беренесине ылайык, атайылап жаракат келтирүү менен аскер кызматын өтөөдөн баш тартуу боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Душанбе гарнизондук аскер соту Отабек Ибрагимовду 376-берене боюнча кылмыш жасаган деп тапты жана эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.