Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (71 жаштагы эркек киши);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
Кочкор аймактык ооруканасынан – 2 (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши) көз жумду.
Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 66 кишини түздү.