Биз менен байланышыңыз

Airbus бир жылда 15 миң кызматкерин иштен кетирет

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 426 | 0

Европанын Airbus SE авиакомпаниясы 2021-жылдын жаз мезгилине чейин 15 миң кызматкерин иштен кетирүүнү пландоодо. Бул коронавирус пандемиясынын кесепетинен пайда болгон чыгымдын ордун толтуруу максатында ишке ашырылмакчы.

Соңку айлардагы кризистен улам авиакомпаниянын коммерциялык баалуулугу 40 пайызга төмөндөп кеткен. Ошондой эле, компания абал толугу менен турукташканга чейин каттамдарын жандантпай турууну чечкен. Ошондуктан айрым филиалдарын да жабуу керектелет. Маалыматка ылайык, кыскартуулардын көпчүлүгү Германия менен Францияга туура келет. Бул 2 өлкөдөгү 10 миңден ашык кызматкердин санын кыскартуу каралган.

Airbus өндүрүштөгү эң оор кризисти башынан өткөрүүдө,- дейт компаниянын аткаруучу директору Гийом Фори.

Airbusтун акциялары 2020-жылдын башынан бери 50 пайыздан да төмөндөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM