Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында дагы бир бейтап коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, бейтап 1964-жылы туулган аял киши болгон.
Коронавирусту жуктуруп, башка өнөкөт оорулары күчөп кетип каза болгондордун саны 41 кишини түздү.
Кыргызстанда 23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус аныкталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти.