Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан 36 жаштагы жаран каза болду

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 553 | 0

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирустан дагы бир адам каза болду. Ал 1984-жылы туулган эркек киши.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

36 жаштагы эркек киши Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, тажыяга катышкан. Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан, өзүнө — өзү дарылоо жүргүзгөн. Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү болгон.

Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппаратына кошулганы менен жүрөгү токтоп калган.

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны 30га жетти.

Мындан тышкары, Ош облусттук бириктирилген ооруканасында бир бейтап COVID-19 вирусу тастыкталганы менен, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши, жалпы статистикага киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM