Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого канча каражат сарпталат?

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 515 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого канча каражат сарпталары тууралуу маалымат берди.

Коронавируска чалдыккан бир адамды дарылоого канча каражат сарпталары кайра такталып эсептелип чыкты.

Коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым:

— оорунун белгилери жок өткөн учурда– 3030 сом;

— оору жеңил формада болсо – 3,5 миң сом;

— орточо оор абалдагыларды дарылоо – 10 817 сом;

— оор абалдагыларды дарылоо – 704 миң 27 сом;

— өтө оор абалдагыларды дарылоо – 132 миң 837 сом жумшалат.

Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.

Бул каражат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына төлөнөт.

Эгер мурда дарылоонун наркы ыкчам маалыматтарга жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык эсептелген болсо, эми акы төлөөнүн өлчөмү лабораториялык ПЦР-изилдөөгө кеткен чыгымдарсыз эсептелип, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар киргизилген жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM