Биз менен байланышыңыз

10-июнда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 411 | 0

10-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл аймактарында нөшөрлүү жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20;

Нарын аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкекте 10-июнда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM