Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы чек арада калган 100дөй келиндин маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 454 | 0

Акыйкатчы институту өзбек жарандарына турмушка чыгып, жашап жаткан 100дөн ашык кыргызстандык аял “Достук” өткөрмө бекетинде калып калганын, бул кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

22-майда Акыйкатчы Токон Мамытов Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандагы мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча кат жөнөткөн. Анда айтылгандай, Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук” өткөрмө бекетинде карантинге байланыштуу 100дөн ашык аял Кыргызстандын да, Өзбекстандын да аймагына кире албай ортодо калышкан.

Алар Өзбекстандын жарандыгын ала элек болгондуктан, эки айда бир жолу Кыргызстанга келип, кайра Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө кайтып барышчу.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстандын элчилиги кыргыз жарандарын 14 күн обсервацияга алуу шарты менен өз аймагына киргизүү мүмкүн экендигин маалымдаган.

Бирок карантиндик обсервацияга алуу жайларында орун чектелүү болгондуктан, Өзбекстан учурда кыргызстандыктарды этап-этабы менен өткөрө турган тизме түзүп жатат. Ал тизме Кыргызстандын Чек ара кызматына жөнөтүлгөн.

Акыйкатчы институту бул маселени көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү башкармалыктарына да тапшырма берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM