Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс адамзатты чиптештирүү боюнча айтылган дооматтарды төгүндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 825 | 0

Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү, миллиардер жана филантроп Билл Гейтс адамзатка вакцинация жолу менен чип жайгаштыруу боюнча айыптоолорго жооп берди. Ал өзүнүн аты аталып жаткан «негизсиз» теорияларды четке какты.

Lenta.ru басылмасынын Business Insider басылмасына шилтеме берип жазганы боюнча, Билл Гейтс эч качан микрочип сыяктуу нерселерди жасаган эмес жана мындай аракет абдан акылсыз жана таң калыштуу доомат экенин айтты.

Гейтс эгер вакцинаны ойлоп тапкан учурда да, аны биринчи кезекте саламаттыкты сактоо тармагы начар өнүккөн өлкөлөргө жеткирүүгө чакырат.

Айрымдар Билл Гейтс эмдөө программасы аркылуу адамзатка чип тагууну көздөйт деп эсептешет. Вакцинага байланыштуу маалыматтар Батышта да, Орусияда да кеңири жайылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM