Биз менен байланышыңыз

Депутат: Кыргыз өкмөтү өзбектерден кечирим сурабашы керек (видео)

Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 961 | 0
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов

Жогорку Кеңештин “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты Закир Шарапов кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы жагдай боюнча өкмөттөн ачык маалымат берүүнү талап кылды.

Социалдык тармактарда видео тарап, анда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов, кыргыз өкмөтү Сох-Риштан жолун ачууга, өзбектерге жайыт маселесин карап берүүгө убада бергенин айткан.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, 1-июнда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушкан.

Андан кийин Сох районунун жашоочулары менен жолугушкан учурда кыргыз тарапка бир топ талап койгонун айтып берген.

Депутат Закир Шарапов кыргыз-өзбек чек арасындагы 31-майдагы кырдаал боюнча кандай сүйлөшүү жүргөнүн парламенттин трибунасында ачык айтууну өтүндү.

“Абдулла Арипов аткарылбай турган эки-үч ультиматумду түртүп, бул социалдык тармактарда тарап жатат. Буга Чечме, Бирлик айылдарынын, жалпы эле жергиликтүү эли тынчсызданып жатат. Арипов: «былтыр 30-августта Риштан-Сох коридорун ачтык эле, бирок эки күнгө жетпей аны кыргыз тарап жаап салган. Бул үчүн кыргыз өкмөтүнөн келген өкүл Өзбек Республикасынан кечирим сурады» деп айтып жатат. Биз өзүбүздүн чек араны жапкан үчүн алардан кечирим суроого милдеттүү эмеспиз да? Андан тышкары, кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох-Риштан жолун тез арада ачып берүүгө, Өзбекстандын малына жайыт маселесин карап беребиз деди» деп айтып жатат. Бул эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле турчу маселелер. Ошондуктан Кубатбек Айылчиевич ал жерде кандай сүйлөшүү болгонун ачык-айкын айтып берсе жакшы болот эле”.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин 4-июнундагы жыйынында чек ара маселеси караларын айтты.

Өзбек интернет колдонуучулары тараткан видеодо өзбек премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз тарапка кандай талаптарды койгонун айтып бергенин көрүүгө болот.

 

31-майда Баткен облусунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш урушкан. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, чыр аймактагы суу талаштан улам келип чыккан.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушкан. Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун айыл тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошкон.

Боронов чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырдан Кыргызстандын 20га жакын жараны жаракат алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM