Биз менен байланышыңыз

30-майга карата 60 адамдан коронавирус чыкты

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 648 | 0

Кыргызстанда 30-майга карата 60 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722 адамга жетти.

Жаңы катталган учурлар Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 1, Нарын облусунда – 32 учур катталды. Андан тышкары, Орусиядан келгендерден 2 учур, ошол өлкөдөн келген курсанттардан — 2 учур катталды.

Учурда коронавирус жуктурган 593 адам бейтапканаларда дарыланууда. 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 82 адамдын абалы орточо оор, 499 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 25 бейтап айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM