Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын иш сапарларга чыгуусун чектөө сунушталды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 529 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын чет мамлекеттерге иш сапарларына чыгуусуна убактылуу тыюу салуу сунушталды. Парламенттин депутаты Дастан Бекешев дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинде коронавирус жайылып жатканына байланыштуу, эл өкүлдөрүн иш сапарларын токтотуп туруусун, чет жактан келгендерди карантинге алууну сунуштады.

-Мына Францияда депутаттар коронавирусту бири-бирине жугузуп жатканын угуп жатабыз. Ошого карабай биздин кээ бир депутаттар дагы деле чет жактарга иш сапарга чыгып жатышат, кээ бирлери Германияда жүрүшөт. Азыр Жогорку Кеңешке экскурсияларды токтоттук, иш сапарларын да токтотсок туура болот. Сырттан келгендерди карантинге алыш керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү көпчүлүк парламенттер ушундай кадамга барып жатышат.

Парламент спикери Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеште иш-чараларды өткөрүү, экскурсияларга чектөө киргизилгенин кабарлады. Ал эми депутаттардын чет жакка чыгуусун токтотуу маселеси сүйлөшүлүп жатканын айтты. Ошондой эле чет мамлекеттерден иш сапарынан келгендер өкмөттүн токтомунун негизинде тийиштүү убакытта карантинге алынарын билдирди.

11-мартка карата дүйнө боюнча коронавируска кабылгандар 120 миңге чамалады. Анын 30 миңдейи Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.

Кытайда коронавирус жуктургандар 80 955, анын 3162си көз жумган. Вирус катталгандан бери 61 567 бейтап илдеттен айыккан. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал тууркташып калды. Соңку 1 жумадан бери 80 миңден ашкан жок.

Ал эми Европада коронавирус кулач жаюуда. Алсак, Италияда абал курч, 10 283 адамдан коронавирус аныкталды, анын 631и каза болгон. Франция менен Германияда да абал оорлошуп барат.

Ошондой эле, Орусияда 20 адам коронавирус менен катталган. Алар Япониядагы круиздик лайнерден алынып келинген жарандар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM