Биз менен байланышыңыз

Пара менен кармалган салыкчылар иштен бошотулду

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 545 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызматкери ишеничтен кеткендигине байланыштуу иштен алынды.

Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Ленин районунун салык органынын башчысы, ушул эле органдын бөлүм башчысы жана башкы инспектору кызматтарынан бошотулду.

Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышкан. УКМКнын 9-мартта тараткан билдирүүсүндө, жогоруда айтылган салыкчылар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн 25 миң доллар талап кылганы айтылат.

Ушул жылдын февраль айында салык кызматынын инспектору 5 миң доллар акча каражатын алган.

6-мартта Бишкектин Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык бөлмөсүн тинтүүдө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылды.

Кармалган кызматкерлер УКМКнын тергөө камагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM