Биз менен байланышыңыз

Райхан Абдувалиева: “2020-жылы чоң долбоорлорду иш жүзүнө ашырам”

Ачык, шайыр  мүнөз, жаркылдаган, маданияттын  мыкты кызматкери,  ырчы айым Райхан Абдувалиева “Марал Шоу” программасына сонун маек куруп  кетти.

— Саламатсызбы, Райхан айым? 

— Саламатчылык.

— Чыгармачылыкка чыйыр жол канчанчы жылдары салынган?

— Чыгармачылыкка кичинекей 6 жашымдан комуз кармап киришкем. Улуу Карамолдо Орозовдун уулу менин  эң биринчи мугалимим болгон. Түп өрөөнүндө 8 жашымдан чоң күүлөрдү чертип, конкурстарга катышып, акырындык менен Каракол шаарындагы  музыкалык окуу жайга тапшырганмын. Кийин анан  консерваторияга жолдомо алып, чоң окуу жайды бүтүрүп, андан соң, Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштедим. Кийинчерээк “Периште” тобун түптөп, акырындык менен  ушул  убакытка  чейин кыбырап келе жатабыз.

— “Периште” деген  эстрадалык топ кандай иш алып барууда?  

— Солисттердин баары бирден бала кучактап, үйдө олтуруп калышты. Келе жаткан  жылы,  буюрса, апрель айында өзүмдүн туулган күнүмө карата чоң концерт өткөрөйүн деп атам.  Ошондо жаңы топтун солистерин чыгарам  5 кыздан  турган  сулуулар. Негизинен, 15 жылдан  ашуун  тарыхы бар  “Периште” тобу  жаңы түзүлгөндө фольклор жана эстрадалык деп  эки  топкто бөлүнчү. Кийинчерээк эстрада жанрына көп басым жасалып калды. Андан  кийин  мен өзүм бизнес тарабына кетип калдым. Азыр буюрса, чыгармачылыкка катуу  киришип, сонун бир жаңы агым менен чыгам деп даярданып жатам.

— Тикмечилик өнөрдү өркүндөтүп атканыңызга канча жылдын жүзү болду?

— Мен мектепте окуп жүргөндө эле “Работница” деген  журналдан  карап үйрөнгөнмүн. Эсимде, 7-класста  биринчи өзүмө көйнөк тигип алып кубанганмын. Көчөдөн көйнөктү кийип алып басканда баары мени карап атса аябай сүйүнгөнмүн. Ошондон баштап, тигүү өнөрүн аркалап  калдым. Бул өнөрсүз жашоом жок. Ал эми мага  сахнага кийип чыккан стилди тандап берген апам болчу. Азыр көп костюмдарымды өзүм тигем.

— Жеңил унаа айдаганыңызга  канча жыл болду?

— 26 жыл болду, негизи, адам баласы коркпош керек. Мен тигүү цехин иштетем деп  чоң максат койгонмун. Ал дагы иш жүзүнө ашты. Демек, туура ойлонуп, кыялдануу керек экенин унутпайлы.

2020-жылы чоң долбоорлорду болжолдоп жатам. Буюрса,  иш жүзүнө ашырам.

— Орундалбай калган кандай кыялдарыңыз бар?

— Менин  бир өкүнгөнүм уулумдун жоктугу. Көбүнесе, ушул кыялымды ойлоп коем. Учурунда иш, кол бошобойт деп жүрбөй, көп балалуу болуп калсам жакшы болмок. Бир кызым бар, турмуш курган,  күйөө балам  деле өз уулумдай. Анан неберем бар, ошол кичинекейимди көрүп сүйүнөм.

— Чоң рахмат сизге. Чыгармачылык ийгиликтериңиз болсун!

— Рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм!

Copyright © 2017 Maral FM