Connect with us

«Спутник-Молдова» агенттигинин башкы редактору кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 456 | 0

Молдованын Улуттук коррупцияга каршы борбору Орусиянын «Спутник» маалымат агенттигинин жана радиостанциясынын аймактык бөлүмүнүн башкы редакторун кармады. Владимир Новосадюк бир миллиард доллар уурдоого катышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине таянып, «Борбордук Азия жаңылыктары» кызматы жазды.

Молдова Башкы прокуратурасы ТАСС агенттигине кабарлагандай, Новосадюк суракка алынууда, анын үйүндө тинтүү жүрдү. «Блокнот» басылмасы журналисттин үйүн тинтүү учурунда айрым темалар боюнча радиоэфирде пикир билдирүү үчүн Молдова эксперттери тарабынан акча төлөнгөнү тууралуу далил табылганын жазды.

Прокурорлор Новосадюктун жеке архивин да алып коюшту. Анын ичинде Молдова укук коргоо органдарынын кызматкерлери пара алып жаткан учурлар жазылып калган аудио жана видеолор бар.

2014-жылы ноябрда өлкөдөгү үч банктан парламенттик шайлоого чейин жалпысынан бир миллиард доллар мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө чыгарылганы аныкталган. Бул сумма Европадагы жакыр өлкөлөрдүн бири катары эсептелген Молдованын ички дүң өнүмүнүн 12,5 пайызына барабар.

Акчанын бир бөлүгү Орусияга чыгарылып кеткен. 2016-жылы кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Владимир Филат соттолгон. Ушул эле иштин алкагында өлкө парламентинин эки депутатынын кол тийбестиги алынып, алар кармалган. Кылмышка шектүү бир нече адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM