Биз менен байланышыңыз

ОшМУнун убактылуу ректору болуп Кудайберди Кожобеков дайындалды

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 1918 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин №98 буйругунун негизинде, Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыскача өмүр баяны

1975-жылы 30-декабрда туулган.

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ

1997 — 2002-жж.- ОшМУнун Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын окутуучусу;

2002 — 2007-жж.- ОшМУнун Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын орун басары, Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу;

2007 — 2011-жж.- ОшМУнун Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары, Программалоо кафедрасынын доценти;

2011 — 2016-жж.- ОшМУнун окуу-маалыматтык департаментинин директору;

2016 — 01.2017-жж. — ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору;

2017-жылдын фераль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалап келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM