Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Борбор Азияда интеграция токтоп турат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 431 | 0

Борбор Азия өлкөлөрү тышкы күчтөргө көз каранды болуп, өз ара интеграция боло албай жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосунда «Дүйнө дүбүртү» программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан ири өлкөлөр талашкан чөлкөмгө айланды. Чоң өлкөлөр бири-бири менен атаандашууда.

«Кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүп, бири-бирибизге ишеним жаратсак… Келечекте өзүнчө аймак болуп, дүйнөлүк ири өлкөлөр менен бир күн тартип болсо… Бирок азыркы учурда алдыга жыла албай жатабыз. Алсак, «Жибек жолу визасы» («Silk Visa») демилгеленген, бирок кагаз түрүндө калып калды. Мындан улам Борбор Азияда интеграция маселеси токтоп калган учур», — дейт Бешимов.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ортосунда ишеним пайда болуп, атаандаштыктан алыстаса, интеграция маселелери алдыга жылат.

«Бирок тышкы күчтөргө көз карандыбыз. Анткени, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров орус өкмөтүнүн катышуу шарты менен интеграцияга каршы эместигин билдирди. Алсак, Кытай интеграцияга эч качан каршы чыкпайт. Ал өзүнүн экономикалык долбоорлорун ишке ашыра берет», — дейт Бешимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM