Биз менен байланышыңыз

Чүйдө медреседе чыккан өрт түнкүсүн өчүрүлдү

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 540 | 0

Чүйдүн Тельман айылында медреседе өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык кечээ, 8-сентябрдын кечинде Тельман айылынын Гүлсара-24 дарегиндеги медреседе катталган. Өрт ошол эле күнү саат 21:43тө чектөөгө алынып, түнкү 02:17де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт эки миң чарчы метр жерди жалмаган. Медресенин устаттары 200 шакиртти жатаканадан чыгарып кетишкен. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM