Биз менен байланышыңыз

Бокс: 4 кыргызстандык Дагестандагы мелдеште финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 20 Июл 2019 | 568 | 0

Бүгүн кыргызстандык 4 мушкер Дагестанда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин финалында алтын байге үчүн таймашат.

Кечээ кыргызстандык 4 мушкер: 49 кило салмакта Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев (52кг), Омурбек Малабеков (60 кг) жана 64 кило салмакта Темирлан Осмонов өз салмак категорияларында финалга чыгышкан. Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Бул тууралуу өлкөнүн бокс боюнча ага-машыктыруучусу Шайлообек Атазов «Маралга» билдирди.

Ушул күндөрү Дагестандын Избербаш шаарында бокс боюнча СССРдин ардактуу спорт чебери Хаджимурад Гамзаевдин жаркын элесине арналып, Бүткүл Орусиялык «А» класстагы эл аралык мелдеш 18-ирет өтүп жатат.

Күйөрмандардын баалоосу менен Өмүрбек Малабековдун таймашы эң мыкты деп табылды. Ал финалга чейинки бардык беттештеринде атаандаштарын артыкчылык менен уткан.

Эске сала кетсек, бул турнирдин артыкчылыгы, чемпион болгон мушкерлерге Кыргыз мамлекети тарабынан ай сайын стипендия берилет. Ошондой эле сентябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарнда өтүүчү Дүйнө чемпионатына жолдомо берилет.

Кыргызстандык мушкерлерге ийгилик каалайбыз!

Copyright © 2017 Maral FM