Биз менен байланышыңыз

«EREM» Тажикстандын вице-чемпиону менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2019 | 551 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону «EREM» клубу Азиянын Чемпиондор Лигасына даярдыгын улантууда.

Бүгүн Тажикстандын Хожент шаарында Тажикстандын вице-чемпиону, жергиликтүү «Сипар» командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, команда эс алуудан кийин ушул аптанын башында чогулуп, окуу-машыгуусун баштаган. Бул беттеш Азиядагы мелдешке карата даярдыктын алкагында өтүүдө.

«Сипар» — «EREM» командалары 15-16-июнь күндөрү эки беттеш өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM