Биз менен байланышыңыз

Румыния Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 453 | 0

Румыния Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Румыниянын Соода өнөр жай палатасынын Төрагасы Михай Дарабан бүгүн, 13-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууга ошондой эле, Румыниянын мурдагы Тышкы иштер министри Лазар Команеску, Румыниянын Соода өнөр жай палатасынын башкы катчысы Теодор Караманян жана Румыниянын Кыргызстандагы элчиси Чезар Армеяну катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо ниетин билдирип, бизнес-форумдарды уюштуруу жолу менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM