Connect with us

«Коопсуз шаар»: Экинчи этапта эмне өзгөрөт?

Коом | 11 Апр 2019 | 742 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабында жалпысынан 314 аппараттык комплекс ишке кирет. Учурда тиешелүү макулдашуулар жүрүп жатат. Анын негизинде облус борборлоруна жана аймактар менен байланыштырган магистралдык жолдорго да аппараттар коюлат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 12-майга чейин толук комплекс ишке кирет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасынын ишке киргизилиши менен жол кырсыктары 37,5 %га төмөндөдү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов маалымат жыйынында билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, долбоор ишке киргенден бери жалпысынан 42 миң 881 айып катталган.

Расмий түрдө 4-мартта ишке киргенден бери 42 миң 881 айып белгиленген. Бүгүнкү күндө 2-3-фазага бирдей даярдыктар көрүлүүдө. Азыркы тапта сертификат берүү этабындабыз.

Буга чейин маалым болгондой, долбоордун экинчи этабы 12-апрелден ишке кирмек. Бирок учурда айрым бир кагаз иштери жана биринчи этап боюнча келип түшкөн сунуштарды кайра карап чыгуу максатында экинчи жана үчүнчү фазаны ишке киргизүү кечеңдеп жатканын Эшмамбет Аматов белгиледи.

Экинчи этапта 314 аппараттык комплекс ишке кирет. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарынын борборлоруна да коюлат. Бир гана шаарларда эмес, Ош-Бишкек жолуна, Бишкек-Балыкчы-Каракол, Бишкек-Балыкчы-Нарын жолдоруна да коюлат.

Маалыматка ылайык, катталган айыптардын ичинде нааразычылык менен кайрылган айдоочулар да болууда. Комиссиянын кайра карап чыгуусунун негизинде 27 протокол жокко чыгарылган. Эгерде айып боюнча билдирүү келсе кайрылып, тиешелүү тараптарга арыздана ала тургандыгын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров айтты.

— Мыйзамга ылайык, ар бир айдоочу эгерде маалымат туура эмес келсе арыздана алат. Аны комиссия көрүп чыгып, эгерде чындыгында туура эмес айып тагылып калса, аны жок кылса болот.

Тиешелүү кызматтын билдиришинче, долбоор ишке киргенден кийин кырсыктын, кырсыкка кабылгандардын саны кескин кыскарган. Айрым адистердин пикиринде шаар тургундарынын, айдоочулардын да жолдо жүрүү тартиби өзгөргөн. Мындай пикирди айдоочулар өздөрү да колдошот.

Сурамжылоо:

— «Коопсуз шаардын» ишке киргени жакшы болду. Тартип болуп калды

— Албетте, азырынча кемчиликтер бар. Бирок бара-бар оңдосо болот деп ойлойбуз.

— Жол кыймылынын эрежелерин бузбасаң, сага айып дагы келбейт. Азырынча мага айып боюнча билдирүү келе элек.

Белгилей кетсек, долбоордун экинчи этабында жалпысынан 314 аппараттык комплекс ишке кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM