Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусия 6 млрд. долларлык келишимге жетишти

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 801 | 0

Кыргызстан менен Орусиянын инвестиция, экспорт боюнча түзгөн келишимдеринин жалпы суммасы 6 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов Орусиянын Экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин менен болгон бүгүнкү жолугушуусунда айтты.

Мен азырынча жалпы сумманы алдын ала эле айтып жатам. Себеби, бул инвестиция жана экспорт боюнча макулдашуулар. Өкмөттөр аралык келишимде так сумма көрсөтүлбөйт. Сүйлөшүлгөн, кечээ кол коюлган келишимдер, бүгүн дагы кол коюла турган макулдашуулар 6 миллиард доллардан ашат деп үмүттөнөбүз”, — деди министр Панкратов.

Кыргыз-орус кызматташтыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, экологиялык чөйрөдө, өндүрүш секторлорундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM