Биз менен байланышыңыз

Парламент чек ара боюнча маалымат угат

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 558 | 0

Бүгүн, 14-мартта парламенттин жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат угууну бир топ депутаттар көтөрүштү. Депутат Таабалды Тиллаев 100гө жакын унаа кармалып, жүк-200 да өткөрүлбөй турганы боюнча маалыматтар келип жатканын айтты.

Спикер Дастанбек Жумабеков түштөн кийин бул маселени күн тартибине киргизип, кароону сунуштады. Себеби вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге барганын айтты.

Ал эми депутаттар саат 11.00дө тийиштүү органдардын маалыматын угууну талап кылышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында бүгүн саат 11.00дө парламенттин жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат угула турган болду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына чыгып кеткенин өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов “Маралга” кабарлады.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байналыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM